Menu

ЖК: мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо – мамлекеттин гана колунда болуш керек

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 3-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндөгү маселе бүгүн, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралып, аткарылган иштердин жыйынтыгы маалымдалды. Бул багытта баяндама жасаган депутат Рыскелди Момбеков: “Иштин жыйынтыгы өтө кеч чыгарылып жатат. Буга өкмөттүн “кежирлик” саясаты себеп болду. Талап кылынган документтер 3-4 айлап колго тийбей олтуруп, акырында 6 ай дегенде араң 350 документтин ордуна 104үн гана эптеп алдык”,- дейт.

Ошондой эле эл өкүлү Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевдин Щвейцариядагы иш сапарында топтогон маалыматтары менен таанышууну сунуштады.

Өз сөзүндө Т.Сарпашев мамлектетик типографияны түзүү зарылчылыгын белгиледи. “17 млн. евро турган атайын жабдык сатып алып, аны иштетүү үчүн жабык акционердик коом түзүү зарыл. Анын курамына Мамлекеттик каттоо кызматынын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, Улуттук банк жана “Учкун” концерни кириши керек. Анткени, корголуучу белгилери бар документтерди дал ошол тараптар чыгарууда ири буюртмачы. Казакстанда деле мындай тажрыйба бар. Алар жалпы заказдардын 80%ын өздөрү аткараарын айтып жатышат. Бул жагынан Кыргызстан деле “Госзнак”  сыяктуу структураны түзсө, мезгилден артта калбас эле. Эң биринчи кезекте бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү кадам болмок”,- дейт Т.Сарпашев.

Тармактык комитет төрагасы Садык Шер-Нияз: Өлкөнүн өзүнүн акча сарайы болсо (монетный двор) эмнеси жаман?! Эгер ал ишке ашса, коопсуздук маселеси акталат. Руханий дөөлөтүбүз дагы артат”, – дейт.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 3-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндөгү маселе комететтин жактыруусуна ээ болуп, өкмөткө дагы кошумча 1 айлык убакыт берилди. Анда мамлекеттик документтердин тизмеси такталып, баасы эсептелип чыгат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: