Menu

Чет өлкөлүктөргө ММКны негиздөө жана каржылоого тыюу салуу сунушталууда

Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитети бүгүн “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, ММКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка юридикалык жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу.
Жаш курагы 18ге чыга элек жарандар, ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салынган уюмдар, чет элдиктер, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар ММК негиздөөгө укугу болбойт.
Ошону менен катар чет жактан каржыланган ММКлардын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпоосу керек деген норма киргизүү сунушталууда.
Талкуу учурунда айрым депутаттар мындай талаптар сөз эркиндигине залака тийгизиши ыктымал деген пикирин айтып, каршы чыгышты.
Натыйжада мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: