Menu

Өзбекстан саякаттого ыңгайлуу он өлкөнүн катарына кирди

Бөлүшүү:

«National Geographic» журналы туристтер үчүн ыңгайлуу он өлкөнү тандап алды. Бул тууралуу  СА-News маалымат агенттиги билдирет.  Өзбекстан бул тизмедеги алтынчы орунду ээледи. Тизмеде андан тышкары Армения, Никарагуа, Непал, Иран, Косово, Албания, Тимор, Грузия жана Тунис бар.

Басылма белгилегендей, Өзбекстан саякатчылар үчүн өтө коопсуз өлкө жана айтылуу Улуу Жибек жолунун чок ортосунда жайгашкан.

Акыркы жылдары Бухара менен Самарканддагы тарыхый борборлор оңдолуп-түзөлгөн. Самарканддагы Регистан аянтынын ремонту былтыр гана бүттү.

Журнал туристтерге кой этинен даярдалган палоодон жана жол жээктеги кафелердеги лагмандан ооз тийүүнү сунуштайт. Кой эти менен сабиз кошулган, бөдөнө жумурткасы, сарымсак, кээде жылкы эти аралаштырылып демделген палоонун даамы кимди болбосун тамшандырарын белгилейт басылма.

Жакында эле британиялык The Telegraph басылмасы дагы Өзбекстандагы туристтерди тарта турган 11 жүйөнү жарыялаган болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: