Menu

Орусиядагы мигранттар которгон каражаттын көлөмү азайды

Бөлүшүү:

«Коммерсантъ» гезити маалымдагандай, акча которуунун көлөмүнүн азайышы Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктарга жана рублдин куну түшүп кетишине байланыштуу.

Орусиянын Борбордук банкынын эсебинде, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде КМШ өлкөлөрүнө которулган акчанын көлөмү 914 миллион долларды түзгөн. 2014-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 3,3 миллиард доллар болчу.

Буга чейин акча которуу боюнча Өзбекстан лидер болуп келген. 2016-жылдын алгачкы чейрегинде Орусиядан бул өлкөгө 256 миллион доллар жөнөтүлгөн. Эки жыл мурун бул көрсөткүч 910 миллион долларга барабар эле (3,5 эсеге азайган).

Мурда экинчи орунда болуп келген Тажикстан төртүнчү орунга түштү (6,3 эсеге азайган). Кыргызстан болсо төртүнчү орундан экинчиге көтөрүлдү (386 миллион доллардан 150 миллион долларга чейин түшүп, 2,6 эсеге азайган). Мындай жагдай Кыргызстандын ЕАЭБга киришинен улам болушу ыктымал. Анткени кыргызстандыктарга кымбат баалуу эмгек патенттерин алуунун кажети жок.

Эл аралык валюта корунун божомолуна ылайык, быйыл Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылдык өсүшү 1,2% чейин төмөндөшү мүмкүн. Мында Орусиядагы татаал экономикалык жагдайдын да тиешеси бар. Анткени 2015-жылы Армения, Кыргызстан жана Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн 9 пайыздан 32 пайызына чейинки бөлүгүн Орусиядан которулган акча каражаттары түзгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: