Menu

Улуттун саламаттыгы коркунучта

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо тармагына олуттуу көңүл буруп, кечиктирилгис жана ыкчам реформа жасоо зарылдыгы күн өткөн сайын тангыс турмуш чындыгы экени айгине болууда. Заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгы, жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында жогорку категориядагы врачтардан турган топ түзүлүп, милдеттүү түрдө карапайым калкты профилактикалык текшерүүдөн өткөрбөгөндүгүнүн кесепетинен бүгүнкү күндө улут саламаттыгы кыйроо абалына жетип калды. Башкасын айтпай ак коёлу, мына келечектин ээлери саналган жаш балдардын арасында майып болгондордун саны жыл санап арбып жатат. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, 2011-жылы майып балдардын саны 23 миң 565 болсо, 2012-жылы 25 миң 346га өскөн. 2013-жылы 26 миң 672, 2014-жылы 27 миң 450 жогоруласа, 2015-жылы 28 миң 200ге жеткен. Мына ушунун өзү улуттун уңгусуна балта согулуп жатканынан кабар берет. Демек эртең кеч болуп кала электе бүгүн аракет көрүп, саламаттыкты сактоо тармагын тез арада реформалоо керек. Эт менен челдин ортосунда колунан иш келбеген ашкебилерден арылчу мезгил келди.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: