Menu

Салайдин Авазов, Жалал-Абаддын мэри: “Шаарга ким мэр болорун эл чечет”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын кийинки мэри ким болорун шаардагы шайлоочулар чечет, алар кайсы партияга көп добуш беришсе, ошол партия өзүнүн талапкерин алып чыгат. Мындай пикирин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жалал-Абад шаарынын мэри С. Авазов билдирди.

Журналисттер шаар мэрине күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна байланыштуу шаар башчысы катары аны кандай тагдыр күтөрүнө кызыгышты. Анда шаар мэри шайлоодо кайсы партия көп мандат алса, ал өзүнүн талапкерин көрсөтөрүн айтып, шаар башчылыгынын тагдырын эл чече турганын билдирди.

“Баарын шаардыктар өздөрү чечишет. Азыр эл ким эмне иш жасап жатканын же жасабай жатканын көрүп турат, ошого жараша добуш берет. Баары элдин колунда”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Авазов Жалал-Абад шаарына 2014-жылы күзүндө мэр болуп шайланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: