Ушу тапта Кыргызстан аймагында автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү 17 жай ачылды. Алардын санын 35ге чейин көбөйтүү милдети турат, бирок каражаттын тартыштыгынан улам, азырынча аларды ачууга мүмкүнчүлүк жок. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жалпы пайдалануудагы жолдордун сакталышын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда, бул тууралуу министр Замирбек Айдаров билдирди.
Министрдин айтымында, азыр 5 ыкчам көзөмөл тобу автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү жайлардын ишин көзөмөлгө алууда. 2015-жылы автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү жайлардан бюджетке 88 млн сом түшкөн, ал 2014-жылга салыштырмалуу 19 млн сомго арбын. Ал эми 2016-жылдын 5 айында 42 млн сом жыйыналды. Топтолгон каражаттын бир бөлүгү өлкө аймагындагы жалпы пайдалануудагы жолдорду оӊдоо жана күтүү багытында жумшалмакчы.
Ал эми Автоунаалардын жүк салмагына көзөмөл департаментинин башчысы Эмилбек Таштаналиев коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу максатында, көзөмөл кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулатылып, алардын ишине көзөмөл чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. Акыркы бир жарым жыл аралыгында тартип бузган 100 адам кызматынан бошотулган.
Тармактык комитет Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы пайдалануудагы жолдордун абалына көзөмөлдү күчөтүү, жаӊы салынып жаткан жолдордун сапатын жакшыртуу, оор жүк ташуучу автоунаалардын ашыкча жүк алуусуна жол бербөө, чек ара аймактарында жүк түшүрүү жана сактоо базаларын куруу ишин колго алуу, автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү жайларда орун алган коррупциялык схемеларды жоюу сындуу бир катар тапшырмаларды берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ