Menu

«Сетовой маркетинг» жетим-жесир, майыптарды алдап жатабы же?..

Бөлүшүү:

Редакциябызга арыз-муңун айтып кайрылгандардын саны арбын. Бул жолу да өзүн Айжан деп тааныштырган кыз телефон чалып калды. Айжан эки көзү көрбөгөн, 1-топтогу майып кыз  экенин айтты.  Жардам  беребиз  деп акчамды  алгандан  кийин  алдап  кетишти  дегенинен  «Кудайдан  коркпогон кандай  адамдар экен  алар»  деп Айжандын жанына барып  арманын  угууну туура көрдүк.

Айжан: «Гүлнара деген  аял бизди  алдап  кетти»

— Менин атым Айжан, 23 жаштамын. 2012-жылдын март айынан баштап 1-топтогу майыпмын. Учурда эки көзүм тең көрбөйт. Өткөн жылдын декабрь айында 45 жаштагы атамдан айрылып калдык.  Атам дагы 2-топтогу майып эле. Төрт бир тууганбыз, улуусу мен, 1994-жылкы иним  бар, ал дагы эки бөйрөгүнөн ооруп калды.  2010-жана 2013-жылы  төрөлгөн  бөбөктөрүм  бар.

– Кандайча алданып калдыңыздар, баардыгын башынан баштап айтып берсеңиз?

– Апам экөөбүз жакында  май айынын башында аялдамадан жарыя окуп калдык. Ал жерде «ай сайын 10 килограмм азык-түлүк берилет»  деп жазылып туруптур (апасы окуп берген). Апам окугандан кийин телефон  чалса Гүлнара деген аял «1200 сом төлөп койсоңор эле бир жыл бою ар айда 2 л май, 2 кг кумшекер, 2 кг ун, 2 кг күрүч, 2 кг макарон  алып турасыңар» деген.  Акчабызды топтоп кайра ошол эле номерге бир жумадан кийин байланыштык.  Ал жолу чалганыбызда 3200 сом болуп калды деди. Дал ошол маалда менин мамлекет  тарабынан алган 3 500 сом жөлөк пулумдун 3 200 сомун Гүлнара эже чакырган дарек боюнча барып, апам экөөбүз төлөп келдик. Бизге эртеси 21-май күнү жогорудагы айтылган азык-түлүктү алып кеткиле деген. Анан эртеси күнү апам барса 550 сомдук  азык-түлүктү берип жатып, эми дагы июнь айында бир жолу аласыңар, эгер июнь айынын жыйырмасына чейин силер өзүңөргө окшогон беш кишини алып келип,  аларды дагы жаздырбасаңар анда июль  айынан  баштап албайсыңар деген экен.

Ушул жерден так маалыматты алуу үчүн Айжандын апасы Айнура эжеге телефон  аркылуу байланыштык.  «Беш киши жаздыруу керектигин акчаны төлөп жатканда айтса биз  анда жазылбайт элек»  деген Айнура эже төмөнкүлөргө токтолду:

 «Мен бизге окшогон адамдардын каргышына калгым келбейт»

– 21-май күнү азык-түлүк алып жатып биз артыбызга дагы  биз сыяктуу беш кишини жаздырышыбыз керек экенин билдим.  Анан ошол жерден эле мага андайдын кереги жок  деп акчабызды кайра кайтарып берүүсүн талап кылып жетекчиси Зульфия деген улуту башка аялга кайрылдым. Ал болсо «Биз кайрып бере албайбыз, силерди ким жаздырса ошондон төлөтүп алгыла»  деп койду. Ал күнү бизди ошол жерге жаздырган Гүлнара деген аял келбей калыптыр.

– Кандайдыр бир кагаз бердиби, келишим деген түзүлдү беле?

– Ооба, бир кызыл китепче берген. Андан тышкары биз кызым экөөбүз акчаны төлөп жатканда бир кагазга кол да коюп бергенбиз. Андагы жазылган сөздөр орусча болгондуктан түшүнгөн эмесмин. Мен алар айтып жаткан беш кишини кайдан табам? Мен тапкан беш кишинин ар бири дагы бештен киши табыш керек болот экен. Бизге окшогон жетим-жесир, пенсионер, майып адамдардын каргышына калгым келбейт. Эч нерсесинин кереги жок, бизге эми акчабызды эле кайтарып берсин.

Минтип алдап кетти деген Гүлнара айымга Айжандын жанынан атайын майып адам болуп, жардам сурап телефон чалдык. Ал бизге 3 200 сом төлөөрүбүздү, анын эсебинен айына  2 л май, 2 кг күрүч, 2 кг кумшекер, 2 кг макарон, 2 кг жогорку сорттогу ун алып турарыбызды айтып, акырында гана биздин дагы беш киши жаздырышыбыз керектигин айтты. Сиз ал жерде ким болуп иштейсиз деген сурообузга Гүлнара айым ал жерде иштебей тургандыгын, өзү да жардам алып турган аял экендигин айтып, бизге ошол жардам берип жаткан мекеменин дарегин берди. Эмнеси болсо да айтылган даректи таап барууну көздөп багытыбызды ошол тарапка бурдук.

Айтылган дарек боюнча барганыбызда эки кабаттуу чоң офис тибиндеги үйгө кирүүгө туура келди. Кирип барганда эле ал жерден жашы улгайып калган, пенсия курагындагы апаларды учураттык. Алар дагы ошол жерден Айжан сыяктуу акчасын төлөп, ай сайын азык-түлүгүн алып, аркасынан киши жаздырып  иштеп жаткандар экен. «Голден Лайф» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси Аюпова Зульфияга жолугуп төмөнкүдөй суроолорубузду узаттык:

– «Голден Лайф» ЖЧКсы качан жана эмне  максатта түзүлгөн?

– 2015-жылдын 30-декабрында Юстиция министрлигинен каттоо күбөлүгүн алганбыз. Сертификат, жобо, мөөрлөрүбүз бар, салыктардын баарын төлөп жатабыз. Менин максатым жардамга муктаж жарандарыбыз айына 10 килограммдан азык-түлүк бир жыл алса, анан өзүнө жазылган беш кишисинен түшкөн бонустарына сыйлыктарын алып, жашоо турмушун оңдоп алышына көмөкчү болуу. Чынын айтканда мен киреше үчүн иштеген жокмун.

– Жарандар төлөгөн 3 200 сом эмнеге кетет?

– 3 200сомдун 100 сому аларга берилген китепчеге, 100 сому регистрациялык каттоого кетет. Калган 3 000 сомго айына 550 сомдук азык-түлүк бир жыл бою берилет.

– Айжан аттуу жаран сиздерге алданып калганын айтып жатат. Ал май айынын сиздер айтып жаткан 550 сомдук азык-түлүгүн алган экен, эми беш киши жаздырбайм мага акчамды кайтарып беришсин деп жатат. Кайтарылып берилеби?

ордер– Биринчиден, биз ал акчаны кайтарып бере албайбыз, эмнеге дегенде алар ортодогу түзүлгөн контракт боюнча эки ай сөзсүз түрдө жанагындай азык-түлүктөрдү алышы шарт деп жазылган. Экинчиден, алар биздин компанияга кайрылганда биз аларга эскерткенбиз компанияга акчаңды төлөгөндөн кийин кайтарылбайт деп.

 – Макул, Айжан июнь айынын  эсебинен 550 сомдук азык-түлүгүн алды дейли ошондо (3 200 – 100 китеп –100 каттоо — 550*2=1 900) калган 1 900 сомун кантип алса болот?

  • Калган 1 800 сом сыйлык үчүн бөлүнүп кетти да. Муну деген «сетевой маркетинг» деп коет. Чынын айтканда биз эч кимди кыйнап жазылгыла деген жокпуз да, чынбы? Ар ким өзүнүн каалоосу менен келип жазылды.

ордер справка– Ошентсе дагы сиздер менен иштешкен Гүлнара деген айым Айжандын айтымында аларды алдап кетип жатпайбы, аларга маалыматты толук бербегени же болбосо алдоо жолу менен алып келип жаздырганы үчүн чара колдоносуздарбы?

– Албетте туура эмес маалымат берип адамдарды алдаса биз аларга айып пул төлөтөбүз. Ал төлөгөн айып пулдун акчасын алданып калган өнөктөшүбүзгө кайтарып беребиз!

Компаниянын жетекчиси Зульфия айымдын жогорудагыдай жообунан кийин биз Гүлнара айымга байланышка чыктык:

Гүлнара:  “Алар баардык шартты эң сонун түшүнүшкөн”

– Мен телефондон бардык адамдарга бирдей жоопторду берем. Өзүм намаз окуган, орозо кармаган жанмын. Жөн жерден эле мен майып адамдарды алдап, алардын каргышына калып эмне кылмак элем. Мен аларды алып барып жаздырганым чын. Бирок Айнура эже менен Айжан ал жердин баардык шарттарын түшүнүшүп анан жазылышкан.

P.S Бир эмес үч тараптын тең оюн чагылдырдык. Деги эле бүгүнкү күндө «сетевой маркетинг» деген бизде көбөйүп кеткени чын. Ушул «сетевой маркетинг» дегенден жабыркагандар болсо биздин редакцияга кайрылсаңыздар болот. Ал эми биз Айжандан жогорудагы компаниядан акчасын кайтарып алганга чейин, болуп жаткан чырлуу маселенин аягына чыкканча кабар алып, гезитибиздин кийинки сандарына жарыялап турмакчыбыз!

Мындан эки-үч жыл мурун дал ушул сыяктуу пирамида оюндарынан жабыркаган бир нече адам митингге да чыгышкан. Аз акча төлөп, көп акча табам деген жомокко ишенгендер ушинтип алданып жатканы өкүнүчтүү. Албетте, алты саны аман болсо да алданып калса чуркап жүрүп ал акчасын өндүрүп алат  эле. Ал эми жалаў жетим-жесир, майып, пенсионерлерди азгырган бул «сетевой маркетингдин» кандай иштээрин тиешелүү органдар текшерет деген үмүттөбүз.

Булак: “Жаңы агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: