Бүгүн нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сел жүрүп, бир адамды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматына караганда, Мамбетов айыл аймагына караштуу Жер-Yй айылында сел суусуна бир адам агып кеткени тууралуу алдын ала маалымат түшкөн. Учурда ал адамдын сөөгү табылып, ким экени такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ