Menu

Исакбай Мурзабеков: «Манас атабыз мусулман болуп төрөлүп, мусулман болуп жашап, мусулман болуп дүйнөдөн өткөн!”

Бөлүшүү:

Ошто “Манас эпосундагы Ислам дининин орду” аталышындагы кыргыз жана өзбек тилдериндеги китеп жарык көрдү. Аталган китеп 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылына карата жарык көрүп, манасчы Саякбай Каралаевдин вариантында жазылган “Манас” эпосундагы дин маселесин талдоонун негизинде жазылган. Жарык көргөн китеп Манас таануучу Маматибраим Самиевдин эмгегине таандык жана китепти өзбек тилине Малика Комил кызы которуп, Түркиянын “Диянет” фондунун жардамы менен эки тилде 2000 нускада басылып чыккан.

Китептин автору Маматибраим Самиевдин айтымында жарык көргөн эмгекте Манас эпосунда ислам дининин орду эбегейсиз орунда экендиги көргөзүлүп, Кыргыз мамлекети үчүн “Манас” эпосу ынтымакты жана биримдикти бекемдеген уникалдуу идеология болоорун баса белгилейт. Мындан сырткары автор китепти жазуу үчүн көптөгөн эмгек талап кылынып, Манастын учугун кытай булактарынан издөө максатында Кытайга барып Манасчы Жусуп Мамайга да жолугуп, кеп-кеңешин алып кайткан. Китепте негизинен “Манас” эпосундагы ислам дининин орду жана Манас баатырдын өмүрүндөгү болуп өткөн бардык окуяларда жана эпостогу ыр саптарда ислам дини жөнүндө келтирилген материалдар киргизилген. Ал эми китептин редактору Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековдун айтымында “Манас” кыргыз элинин тарыхый эпосу өтө көлөмдүү болгондуктан окурмандар үстүртөн гана окуп келишет. Андыктан жарык көргөн китепте Манасты өзгөчө жаштарга терең окутуп үйрөтүү жана анын исламга байланышкан тарбиялык маанисин жеткирүү максатында бир нече бөлүктөргө бөлүп окутуу каралган.

“Мында эпостогу ислам дининин орду, кыргыз жигиттеринин сабырдуу, мекенчил, баатыр болуп тарбияланышындагы Манастын жеке өзүнүн таасири жана улуу муундардын таалим тарбиялуу насаат кептерин айтып туруулары, аялзатынын ыймандуулугу, сезимталдыгы жана коомдогу орду, кыргыз элинин маданияты, табиятка болгон аяр мамилеси, бийлик жүргүзүү ыкмалары жана ата-эненин балага берген тарбиясы менен адеби камтылган. Ким “Манаска” үңүлсө, маанисине терең назар салса кыргыздын чыныгы мусулман эл болгондугун, ислам дини алардын турмушунда негизги ролду ойногондугуна күбө болот. Ошондой эле эпосту толук түшүнүп окуган окурман Манас атабыз мусулман болуп төрөлүп, мусулман болуп жашап, мусулман болуп дүйнөдөн өткөндүгүн түшүнөт”, – дейт Мурзабеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: