Menu

Депутаттар Аида Салянова менен Нурлан Макеевдин курулуш мафиясы тууралу кайым айтышы

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутаттар Аида Салянова менен Нурлан Макеев курулуш мафиясы тууралу кайым айтыша кетишти.
Жаңы мыйзам долбоору боюнча коммерциялык курулуш фирмаларына курулуш объектилерин долбоору бүтө электе эле кура баштоого уруксат берүү, курулуштун жүрүшү менен катар долбоорлоо иштерин жүргүзүү нормасын киргизүү сунушталып жатат. Буга чейин мындай укук мамлекеттик буйрутма объектилерге гана өкмөттүн уруксаты менен берилчү. Эми мындай укукка баардык коммерциялык курулуш ишканалары ээ болуусу мүмкүн.
– Бул мыйзамды курулуш бизнеси бар депутаттар лобби кылып түртүп жатышат, – деди Аида Салянова.
– Бул мыйзамга биздин комитет корутунду берип жатат. Сиз жалпылабай так айтыңыз, ким лобби кылып жатат?- деп кызууланды парламенттин Экономика жана салык саясаты комитетинин төрагасы Нурлан Макеев.
– Сиз бул мыйзамды канча комитет караганын билесизби? Билбейсиз! Билбегенден кийин сүйлөбөш керек. Эмнеге мен комитет десем эле өзүңүзгө аласыз? Мисалы, мен Транспорт жана курулуш комитетинин отуруму бул мыйзамды караганда катышкамын. Ал комитетте курулуш бизнеси бар депутаттар бул мыйзамды колдоп чыгышты, муну лобби дейт! – деп ачууланды Аида Салянова.
– Сиз эмнеге бул мыйзам боюнча мен сүйлөрдүн алдында лобби деп кыйкырасыз? Сиз конкретно атын айтыңыз. Ким, кайсы депутат лобби кылып жатат? – Макеев кайрадан ызырынды.
Аида Салянова жооп берерде, анын микрофонун өчүрүп коюшкандыктан депутаттар андан ары микрофону жок кайым айтышты. Акырында Аида Салянова спикерге кайрылып:
– Сиз менин микрофонумду өчүргөнгө акыңыз жок эле, биз өзүбүздүн жеке мамилебиз тууралу сүйлөшүп жаткан жокпуз, биз мыйзам долбоорун талкуулап жатабыз, менин микрофонумду күйгүзүңүз. Бул мыйзам долбоорун курулуш лоббиси түртүп жатат, – деди Аида Салянова.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: