Menu

Өкмөт башчы Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө тапшырмасын берди

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-июнда, Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Чу дайрасынын ташкындоосуна байланыштуу суу астында калуу коркунучу жаралган Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин маалыматына ылайык, Чу дарыясындагы суунун деңгээли нөшөрлөгөн жаандын жана андан кийинки ысык аба-ырайынан улам мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 9-июнунан 10-июнга караган күнү орун алган. Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун деңгээлинин жогорулашы сезондук көрүнүш жана суу каптоо коркунучу жок.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновго жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте кооптуу аймактардагы жээктерди бекемдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.
Чу 2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: