Москва облусунун Солнечногорск шаардык соту 39 жаштагы тажик мигранты Фаррух Урозовдун өлүмүнө тиешеси бар үч тартип сакчысына өкүм чыгарды.
Алардын үчөө тең кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы, тажик мигрантынын саламаттыгына оор залал келтирип, андан улам ал каза тапкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ар бирин сот жети жарым жылга кести.
Маркумдун иниси Илхом Алихонов бул өкүм өтө жумшак болуп калды деп эсептейт. «Орусияда өлтүрүлүп, бирок ал үчүн эч ким жоопкерчилик тартпай калган көптөгөн тажиктерге салыштырмалуу биз күнөөлүүлөрдүн жазаланышына жетиштик. Бизге Орусиянын кыйноолорду болтурбоо боюнча комитети жардам берди. Албетте, алар эми ушул жаза мөөнөтүн да азайтууга аракет кылышы ыктымал. Бирок мен колумдан келгенин жасадым”, – деди ал.
Азыр ал үчүн акчалай кенемте төлөтүүгө жетишип, маркумдун аркасында калган төрт баланы бутуна тургузуу эң маанилүү болуп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ