Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова жол кыймылындагы автоунаалардан балдарын көтөрүп, кайыр сураган жагдай бизнеске айланып бараткандыгына көңүл бурду.
Эл өкүлү бул кайырчылар жол кырсыктарына себепкерлердин бирине айланып бараткандыгын айтып, “эгер ал ата-энелер балдарын бага албаса балдар үйүнө өткөрүп берели” деген сунушу менен чыкты. Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө кайырчыларга расмий тыюу салынган. Буга тиешелүү мамлекеттик мекемелер көңү буруп, тартипке салышы керектигин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ