Саясый элитада президенттик шайлоого карай ар кандай долбоорлор каралып атканы жашыруун деле эмес. Ошолордун бири – Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун «тандем сүйүүсүн» болжогондор болууда. Кокус ишке ашса кандай болот? Экөө тең премьер-министр болгон, өзгөчө түндүктө колдоочулары арбын. Ошондо түштүк регионунан дагы салмактуу саясатчыларга муктаж болот. Бирок, булардын «мен-мен» деген амбициясы, текеберленген жагдайлары бар. Кантип бири-бирине жол бошотушары белгисиз. Албетте, Ө.Токтогуловичтин саясый жана финансылык ресурстары ашкере үстөмдүк кылат. Кызыгы, бу эки лөктү жакындаткан бир гана маселе болушу мүмкүн. Чоң саясатта таасирдүү фигура катары башы көрүнүп калган Канатбек Исаевге каршы чыгышып, аны жеңүү үчүн баардык аракеттерин жумшаганга чарпылышары турган иш. Сариев-Бабановдун биригиши мына ушул жагынан логикага сыйып турабы?
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ