Menu

Саясий талаада жымжырттык. Оппозиция оңтоюн күтүүдө

Бөлүшүү:

Барган сайын бийликке ызырынгандардын, радикалдуу каршылаштардын тизмеси узарууда. Маселен, камакта жаткан Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков ж.б. Ал эми эркиндиктеги Өмүрбек Суваналиев, Адахан Мадумаров, Бегалы Наргозуев, Камчыбек Ташиев, Адиль Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Адилет Айтикеев, Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Дайыр Орунбеков… Санай берсең кете берет. Анүстүнө, президенттик шайлоо жакындаган сайын парламенттеги айрым фракциялар дагы бийликке баш бербей, көчө оппозициясы менен эсептеше баштаса, албетте, кызыкчылыктарга жетүү үчүн түрдүү жүрүштөргө барышары жашыруун эмес. Сыягы, күзгө карай бийликке умтулган күчтөр копшолуп, доңуз жүрүштү көрсөтүшсө не болот? Оппозициянын пулу чечилсе, ойлонбостон эле омкоруу жагына өтүшпөйбү?.. Негизи саясый талаадагы жымжырттык эмнеге алпарчу эле?.. Эсиңерге түйүп койгула, жогорудагы аты аталгандардан бийлик үчүн эң кооптуусу Адахан Мадумаров экени, аёосуз каршылашары, анан да, болбой эле электораты жаңылана берери турмуш чындыгына айланууда. Түштүк катмар регионалдык кызыкчылык аркылуу колдоп чыгаары ажеп эмес.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: