Menu

Орусияда иштеген 250 кыргыз жараны маяналарын ала албай элчиликке кайрылды

Бөлүшүү:

Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстан жарандары ишке орношуу учурунда милдеттүү түрдө келишим түзүшү керек. Бул туурасында өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз мигранттарынын укуктук сабатсыздыгынан, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн, ортомчу кадрдык агенттиктердин шылуундугунан айлык акыларын ала албай калган учурлары арбын.
Элчиликке Кыргызстандын 250дөн ашуун атуулу маяналарын ала албай жаткандыгын айтып кайрылган. Аласанын жалпы көлөмү 10 миллион рублдин тегерегинде. Мигранттардын көпчүлүгүнүн эмгек келишимдери жок. Айрымдары Орусиянын мыйзамдарына төп келбеген жасалма макулдашууларды түзүп алышкан.
Элчилик көргөн чаралардын аркасы менен 2016-жылдын башынан тартып Кыргызстандын жарандарына 2 миллион 468 рубль өлчөмүндө айлык акылары төлөнүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: