Депутаттын өлүмүнө байланыштуу Улуу Британиянын Евробиримдикке калышын колдогон жана буга каршы болгондордун кампаниясы убактылуу токтотулду.
23-июнда бул маселе боюнча референдум өтмөк. Парламент депутаты Жо Кокс Англиянын түндүгүндөгү Лиддс шаарына жакын жердеги кол салуудан улам набыт болгон. Мындан улам Улуу Британиянын Евробиримдикке мүчө катары калышын жактаган жана ага каршы болгондордун бардык акциялары убактылуу токтотулду. Кол салуунун себептери ачыктала элек.
Маркум Улуу Британиянын биримдикке мүчө катары калышын кубаттап келген. 52 жаштагы кол салган адам кармалганы менен аты-жөнү айтылган жок. 16-июнда ал көчөдөн эле Жо Кокско ок атып, ал жыгылып калганда бир нече жолу бычак сайган.
Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон окуяны трагедия деп атап, Гибралтарга болгон маанилүү сапарын кийинкиге жылдырды. Ал анда Улуу Британиянын Евробиримдикке мүчө катары калуусун жактап, сөз сүйлөмөк.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ