Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку, Олимп оюндарынын эки жолку чемпиону, дүйнөлүк төрт рекорддун ээси Илья Ильин кайрадан өткөрүлгөн текшерүүдө допинг колдонгону аныкталды.
2012-жылы Лондон Олимп оюндарында Ильин алтын медаль уткан. Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы чемпион Зулфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова да кызытма колдонгону белгилүү болду. Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кызытма көзөмөлүнөн өтпөй калган 10 оор атлетчини Рио-де-Жанейро Олимп оюндарына катыштырбайт.
Лондон Олимп оюндарында медаль алган казакстандык спортчулары титулдарынан ажыратылары күтүлүүдө. Ал ишке ашырылса жеңген медалдар боюнча 12-орунда турган Казакстан 23-орунга түшөт. Илья Ильин Олимп оюндарынын эки жолку чемпиону жана Казакстанда өтө популярдуу инсан. Ал улуттук баатыр жана президент Нурсултан Назарбаевдин досу экени да маалым.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ