Menu

Качкынбек Булатов: “Атамбаев чоң жаңылыштык кетирип, өлкөнү кризистик чокуга жеткирди”

Бөлүшүү:

Кыргыз бийлигине башкаруу ыкмасын, маанилүү маселеге негизделген, эреженин ченеми менен колдоно билсе арман жок эле. Жаратман жетекчини баалай билген акылмандык, ырашкердик эмеспи. Мамлекеттин кадр саясаты так ушу жерге келип такалат, эгерде бийлик башы жогорку деңгээлдеги адистигине, жөндөмдүгүнө, кызматка жан дили менен берилген принцибин бааласа, анда өлкө эчакта эле өнүгүп кетмек. Себеби жаратман жетекчи саясаттан алыс, жаратмандык менен алек болуп өнүгүү факторуна жан талаша салым кошот. Бирок бийлик саясый көз карашына жетиш үчүн, жаратман жетекчиге мыйзамсыз ишти барууга түрткү берип, аткартууга аргасыз кылат. Аткарбай койсо ошо замат душманга айлантып, кызматтан кетирген фактылар көп кездешет. Мисалы, Н.Түлеевди жеп ичти, уурдады деп жөн жеринен төрт жыл камакка отургуздуңар. Ошол эле убакта Н.Түлеевден кийинки мэрлер И.Өмүркулов, К.Кулматов, А.Ибраимов бир иш алпара алдыбы, албетте жок. Канча убакыт өтсө дагы шаардыктар Н. Түлеевди эстеп жүрүшөт, чындыгында жаратман экенин далилдей алды. Эң кыйын деген И.Өмүркулов иштей алган жок, мен бир жолу Исага жолугуп, “Намысыңар барбы, эл алдында берген убаданар кайда? Токтот уурулукту” дегем. Бирок сөз жебеген адам оңолмок беле, жеп-ичип туруп баса берди. Эгерде Иса Өмүркулов  акча уурдабаса, кайдагы депутат болуп отурат, акча асмандан келдиби?  К.Кулматов жөнүндө кеп кылууга дагы кажет жок, эң чабал шаар башчысы болуп кетти. Эмки А.Ибраимов Бишкекти гүлдөтүп ийет дегенден алыс элебиз. Жаратман жетекчи  М.Мырзакматовду авторитети күндөн күнгө өсүп баратат, эл колдоосуна ээ болду деп эле, кызматтан негизсиз алдыңар. Шайлоого жакындап калды деп А.Кыдырбаевди криминалга жакындыгы бар үчүн, Сооронбай Жээнбековдун тандаганы чындык, катсе дагы А.Кыдырбаев эл колдосуна ээ болбосо дагы криминалдардын күчү керек болчу. Анткени Мырзакматовду провокацияга алпарып, урушту пайда кылып, биротоло өмүр бою түрмөгө камап коюу максат болгон. Мындай амал, уттурбаган вариант болчу. Чындыгында, Мелис Мырзакматов эл колдосо ээ болгондон кийин, бийликтин күчү мыйзамдуу мураска жете албаганын түшүнгөн Мелис “урдум силерди, максатыңар мени кетирүү болсо, мен кеттим” деп жигитчилик кылып, колдогон элин тынтыкка чакырып кете берди. Албетте, бийлик зордукка салып “Разрушать, не строить” дегендей, бийлик кыйратканга мыкты адистелген эмеспи. Бийлик Мырзакматовду кетирип, максатына жетип, жалган кылмыш иш токуп, биротоло куугунтукка алып, деги эмне максатка жетти. Же Мелисти кетиргенден кийин Ош шаары оңолуп кеттиби, албетте жок, ал эмес кура турган көпүрө 900 метрден, 290 метр чейн кыскарып, акчасы 45 миллион сомго көтөрүлүп, эми бузулуп жатат. Көрпенде бийлик арттык кылам деп тыртык эле кылып келе жатасыңар, айла гана жок сурап ала турган бир дагы мыйзам жок. Кеп бийликте А.Кыдырбаевди мэр кылып алып келгенден эмне тапты, болгону уурулүк жол менен шайлоону өткөрүп алышты, ошону жеңишке ээ болдук десе чоң жаңылышат. Ошо ыплас шайлоону өткөрүп, ыплас ууру депутаттарды алып келгенден ажобуз эмнени утат, же ошолор команда болуп, таза иштемек беле, ит ургурлар. Болгону өлкөгө уурулукту күчөткөндөн башка эч нерсе тапкан жок. Же ажонун авторитетти көтөрүлдүбү, албетте жок. Канчалык Түлеев менен Мырзакматовду бийлик жамандаган менен эки борбордук шаар оңолуп кеткен жок. Ош шаарында криминалдык режим орноду, анткени бийлик криминал балдарды колдонгон, ошо криминалдын аркасы менен шаардын шайлосун өткөрүп жатканда, Бишкектен криминалдар А.Кыдырбаевге жардам беребиз деп Ошко жөнөгөнү ММКда айтылган, мындай кылмыш ишинерди жашыра албайсыңар. Өнүкпөй келе жатканыбыздын кесепети ушу жерде жатат. Бийлик эки жүздүү болуп калганы белгилүү эле, жаңылык деле эмес. Биздеги бийлик өлкө өнүксө деп эле ойлойт, бирок кантип өнүгөт өзүлөрү бир жагынан жыра тарттып, уурулук кылып жатса, команда дегенинер “крышоват” кылып жатса, алар болсо ылдыйкыларды “крышоват” кылып өлкөнүн тамтыгын, ашмалтай кылып бүттүрдүңөр, же жалганбы?! Эгерде ушул эле команда менен Атамбаев дагы бийлигин жүргүзөм десе, анда ал жаңылат. КСДПда көбү таза иштегени жок болуп жатпайбы, баары “аюнун элпеги” “медвежие услуги”кылып жатканын көрүп келетабыз. Баарына ууру деген ярлык тагылган. Ошондуктан эгерде КСДПсы жан талашып бийликтен кетпей дагы деле тырышса, анда карама-каршылыкка алып келери бышык. Өнүккөн өлкөлөрдө жаратмандыкты мамлекет колдоого алып, урмат-сый көргөзүп турат. Ошондуктан биздеги  Кыргыз улуттагы жаратмандар деле арабызда бар, бирок аларды бийлик көрбөй, сокур болуп жатпайбы. Жаратмандардын параметрри туура келбей, туганчылык, регионалдык, чөнтөгүндө акчасы жок, кошомат кыла албагандар, уурулукка шыктуу эместер болгон үчүн кендирди кесип жатпайбы. Козу карындай жайнаган генералдар, экс-министрлер пенсияны каймактап алышып, Крыловдун тамсилиндей “Битый не битого везёт” болуп жатат, калган жөнөкөй томояктардын ооздоруна желе басып калды. Ошо генералдар ажолорго кошулуп миллиондорду кошо уурдашканы калпы. Алмаз Шаршенович, эмне үчүн ушунчалыкка барып жатасыз, жанындагы кошоматчылардан ажырабасаныз жарга түртүп баса берет. Бул иттерин башка ажо келсе аларга кошоматын айтып, жол таап, кайра эле Ак үйдөн кетпей иштей беришет. Ажону чөөлөр тегеректеп, элдин ырысына кол салып жатканы жалганбы?! Чыгыш өлкөлөрдү изилдеген саясый серепчи Джамал Гейдар айтымындда, Кыргызстан өтө кооптуу мамлекетке айланып баратат, экономикалык кризистин кесепетинен мамлекетте коррупция гүлдөп, карама-каршылык пайда болооруна шек жок. Ушундай кырдалдан кийин согуш таласына айланып калышына шарт түзүлүп калды көрүнөт. Орто Азия чөлкөмүндө өтө кооптуу Кыргызстан болуп эсептелет.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: