Menu

Темир жол транспорту жаатындагы маселелерди жөнгө салуучу мыйзамды жаӊыртуу демилгеси көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуусуна байланыштуу жаӊыдан иштелип чыккан «Темир жол транспорту жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, темир жол тууралуу улуттук мыйзамын ЕАЭБ шарттарына шайкеш келтирүү максатында, кыргыз тарап 24 айлык мөөнөт алган. Жалпысынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын КМШ ПАА тарабынан кабыл алынган “Темир жол транспорту жөнүндө” үлгү мыйзамдын талаптарына толук шайкеш келтирүү болжол менен 3-5 жылдын аралыгында ишке ашырылат.

Жыл сайын Россия менен Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга темир жол транспорту аркылуу 2,6 млн. тонна жүк ташылат. Ошондон улам, темир жол транзиттик каттамы жок, Белорусия-Россия-Казахстан-Кыргызстан темир жол коридорунун акыркы туюк участогу болгон Кыргызстан үчүн кыйла түйшүк жаралууда.

Мыйзам долбоорунда жаңы түшүнүктөр менен терминдерге түшүндүрмөлөр берилип, темир жол транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу маселелери аныкталганы, экономикалык түзүүчүлөр жана тарифтик саясат, темир жол транспорту чөйрөсүндөгү коопсуздук маселелери камтылганы белгилүү болду. Андан сырткары, мыйзам долбоору кабыл алынса, бир катар укук ченемдик актылар иштелип чыкмакчы.

Талкуу жүрүшүндө фракция мүчөлөрү “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасынын, анын жетекчилеринин дарегине бир катар сын пикирлер айтылды. Алардын пикиринде, мамлекеттик ишкана өз деӊгээлинде иштей албай жатат. Ал эми анын жетекчилери тууралуу коомчулук арасында катуу сындар айтылууда.

Жыйынтыгында өкмөткө “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасында түзүлгөн башаламан абалды текшерип чыгып, тиешелүү чараларды көрүү менен, ишкананын ишин жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: