Ысык-Аталык УКТнын активдүү мүчөсү, «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов жакында камакка алынгандан бери ага-тууган, жердештери көтөрүлүп, анын боштондугу үчүн жол тосууга дейре бара тургандары кабарланды. Эгерде «Дөө Чыңгыздын» тарапташтары жол тосууга барышса, мыйзам чегинде аларга карата жаза колдонушаарын ИИМ алдыртан кабарлады. Кезегинде дал ушул «Дөө Чыңгызды» куралчан жоокерлери менен ИИМ алдындагы ГУБОПтун андагы күпүлдөгөн башчысы Рафик Мамбеталиев байлап кетүүгө барганда, тескерисинче, анын тарапташтары тарабынан талоонго алынып, ортого түшүп калганы, жаалданган элден араң, зорго чыгып, качканы жалганбы? Тартипти сактоону мындай кой, начальник өзү жалт бере безип жүрсө, анан кайдагы келечекке карай ишеним болот?
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ