Menu

Экс-министр Абибилла Кудайбердиевге дагы бир кылмыш иш козголду

Бөлүшүү:

Мурунку Коргоо министрлиги, Азыркы коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин мурунку жетекчилерине карата үчүнчү кылмыш иши козголуп отурат. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргени боюнча, аталган министрлик менен «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад облусуна ас­кер шаарчасын куруу боюнча 133 млн. 200 миңге жакын сом коротулат деп, 2013-жылы келишимге кол койгон. Кийин кандайдыр бир жолдор менен иштин көлөмү көбөйүп кеткенин белгилеп, «Аскер курулуш» министрлик менен дагы бир келишим түзгөн. Мунун айынан курулуштун сметасы негизсиз 221 млн. 100 миң сомго көбөйүп кеткен. Мына ошентип, ортодо ишти жасаган компанияга мыйзамсыз 219 млн. сомго жакын каражат которулганы аныкталган. Мында келишимде көрсөтүлгөндөн 107 млн. 325 миң сомдон ашуун каражат ашыкча которулуп, мамлекеттин бюджетине ири суммада зыян келгени белгиленет. Бул фактыга таянуу менен мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиев, Абибилла Кудайбердиев жана «Аскер курулуш» ишканасынын башкы директо­ру Куваныч Колхожоевге, министрликтин жооптуу кызматкерлерине карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «ишенип берилген мүлктү коромжу кылуу, өз пайдасына коротуу» беренелеринин негизинде үчүнчү кылмыш иши козголуп оту­рат. Биздин тышкы душмандарыбыздан коргой турчу офицерлерибиз ушинтип отурса, башкаларга ишенсе болобу деген суроо туулат. Аппетити акуланыкынан чоң мындай адамдарга Мамлекеттик маанилүү кызматтар кантип ишенип берилди экен? Буга чейин экс-министр Абибилла Кудайбердиев ушул маалыматтарды тараткандар менен соттошом таризинде бир опурулуп алды эле, эми үчүнчү кылмыш иши боюнча эмне деп жооп айтаар экен? Анткени, буга чейин Башкы прокуратура Өмүралиев министр болуп турган 2013-жылы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынан 5 млн. сомду, Абибилла Кудайбердиев баштаган кызмат адамдары 12 млн. сомду кымырып алганын жар салган. Же Абибилла мырза бет тырмарлык кылып, бул ишти дагы саясий куугунтукка оодара салуу аракетин көрөбү, байкап туралы.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: