Menu

Фото – Москваны душмандан коргоп жатып каза болгон жоокердин сөөгү мекенине келди

Бөлүшүү:

Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1942-жылы каза болгондугу тууралуу кара кагаз келип, бирок кайсыл жерде көмүлгөнү дайынсыз болгон Мендеш Өмүралиевдин сөөгү бүгүн мекенине алынып келинди. Бул тууралуу Мурат Соорбеков соцтармактагы баракчасында жазды.

Иш чарага ЖКнын депутаты Мээрбек Мискенбаев, Генштабдын өкүлдөрү жана Мендеш Өмүралиевдин туугандары катышып, сөөктү салтанаттуу тосуп алышышты.

Мендеш Өмүралиев 1910-жылы Талас облусунун мурдагы Ленинпол районунда төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согушка кеткен бойдон мекенине кайтпай калган, 1942-жылы жакындарына каза болгондугу тууралуу кара кагаз келген, бирок сөөгү кайсыл жерге көмүлгөнү дайынсыз болгон.

Ушул жылы Мендеш Өмүралиевдин сөөгү Россия Федерациясынын борбору Москва шаарына жакын аймактан табылган. Анын жанында өздүгүн аныктаган документтери да табылган.

Эске салсак, буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери М.Өмүралиевдин сөөгүн мекенине кайтарып келүү демилгеси көтөрүлгөн эле.

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: