Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Эчкилүү-Сай айылында 20-июнь күнү таңга маал жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жер көчкүнүн кесепетинен бир сарай жана бир үйдүн бакчасы зыян тартты. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Азыр аймактык жарандык коргонуу комиссиясы кырсык болгон жерге бара жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ