Учурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Дастан Сарыгуловдун ден-соолугу өтө начар экенин, дарылабаса болбой турганын адвокаты буга дейре билдирген болчу. Ошондой эле бизге жеткен маалымат боюнча, күндөн-күнгө Сарыгуловдун ахвалы оорлошуп баратканы, ордунан тура албай калганы да айтылууда. Эгерде мындай көрүнүш улана берсе, кайран киши көз жумуп кетпейби? (Айтмакчы, мурда күнү Аликбек Жекшенкулов УКМКга суракка барып, Дастан аксакалдын мүргүп басып сүйлөөгө дарманы келбегенин тергөөчүнүн кабинетинен көрүптүр.) Ал эми ошол эле СИЗОдогу Бекболот Талгарбековдун да ден-соолугу оорлошуп, боору ооруп, жүрөгү дагы сыгыла баштаганын маалымдашууда. Айтор, убакыттын өтүшү менен эки аксакалды жоготуп албайбызбы? «Жаман айтпай жакшы жок» демекчи, эгерде СИЗОнун ичинен катар-катар жан беришсе, анын муң-зары бийлик үчүн аброй апкелмек беле? Андыктан, кечирим берүү, гумандуулук жагын ойлонсок кантет?..
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ