Menu

Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкентке иш сапарынын алкагында, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда КЭР төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан менен Кытай ортосунда ар тараптуу стратегиялык кызматташтыктын үч жылы ичинде саясый диалог бекемделип, эки тараптуу алака-катыш жемишин берип жатканын белгиледи. «Биз эл аралык иштерде тыгыз координацияны арттырып, бири-бирибизге ар кайсы аянтчаларда колдоо көрсөтүп, элдерибизге пайда алып келиш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз», – деди Си Цзиньпин.

КЭР төрагасынын айтымында, Кытай Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң көңүл бурууда жана ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу үчүн чогуу иштөөгө даяр. Си Цзиньпин Кыргызстан 2016-жылы көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилерин, бул жылдары өлкөдө өнүгүү жышааны байкалып жатканын белгиледи. «Сиз кызматка киришкенден тарта туруктуулукту камсыз кылууга умтулуп, коррупция менен күрөшкө өзгөчө көңүл бөлдүңүз. Сиздердин ийгиликтерге биз ортоктошпуз», – деди КЭР төрагасы.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Кытай ортосунда эки тараптын кызматташтыгына тоскоол боло турган олуттуу карама-каршылыктар жана талаштар жок экенин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен коопсуздук жаатында кызматташтык чыңдалып жатканын жана кытайлык өнөктөштөрдүн “үч жамандык” –  экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча аракеттерин колдорун белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Атамбаев менен Си Цзиньпин ар кайсы чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана кеңири маселелер боюнча өз ара алака-катыштын перспективаларын талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: