Menu

“Ата Мекен” фракциясы рекламалык щиттерди Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө жайгаштырууга каршы мыйзам иштеп чыкты

Бөлүшүү:

Эгерде “Ата Мекен” фракциясы демилгелеген ««Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамы кабыл алынып калса, анда Бишкек шаарынын тарыхый өзгөчөлүгү жана архитектуралык ажары мындан дагы ачылмак. Бул тууралу “Ата Мекен” фракциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору рекламалык щиттердин Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө жайгаштырууга каршы иштелип чыккан. Ошондой эле шаардын көчөлөрүндөгү транспорттук кырсыктардын азайышына да шарт түзөт.

Текст :  Долбоор

««Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене.
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., №4, 195-б.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

14-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
5. Ю.Фучик – Жибек–Жолу – Шабдан баатыр – И.Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө сырткы жарнакты жайгаштырууга тыюу салынат.
Сырткы жарнактын каражаттарын орнотууга тыюу салынат:
– пилондор (бургучтар);
– сити-борддор (сити-борддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 3×4 м ашык эмес, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 3×2 м түзөт);
– аялдамаларда, көчөлөрдүн боюнда жайгашкан Г, П, Т – түрүндөгү такталар (жарнактык тегиздигинин өлчөмү 6×3 м жана 4×9 м түзөт), ошондой эле көчөнүн өтө турган бөлүгүнө жана газондордун үстүнө таянычтары түшкөн такталар;
– супер-борддор (суперборддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 12х4 м, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 12х4 м);
– Г, П, Т – түрүндөгү супер-сайттар (суперсайттын жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 15×5 м, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 15х5 м);
– арка (жарнактык тегиздигинин өлчөмү 24х5 м, 12х3 м, 6х3 м);
– жумшак негизге тартылган транспаранттар-перетяжкалар;
– 3×4 м кем эмес жарнактык аянтка ээ сырткы жарнак каражаттары, конструкция;
– жана башкалар.
Бул берененин талаптары кызмылсыз мүлктүн объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) бириктирилген жер тилкелеринде жана жакшыртылган жана салттуу эмес жарнак объектилеринде жайгаштырылган сырткы жарнактын кичи форматтагы каражаттарына тарабайт.

2-берене.
Бишкек шаарынын мэриясы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай ичинде:
– ушул Мыйзамдын аткарылышын камсыздасын;
– Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнактын каражаттарына коюлган талаптарды аныктаган өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайыкташтырсын.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: