Menu

Бек Борбиев, элдик артист: “Тайыр Сарпашев, өзүңдүн тайкы экениңди далилдедиң, сен “мырза” деген сөзгө татыктуу эмессиң!”

Бөлүшүү:

КТРКнын «Ой ордо» телеберүүсүн көрдүм, урматтуу замандаштар. Мына ушул телеберүүдөн соң Түгөлбай, Кыяз агаларга ич дүйнөмдөн кылып жүргөн урмат-сыйымды артка тарттым. Эми алар мага катардагы кыргызга кайдыгерчилик кылып жүргөн гана адамдар. Ал эми Тайыр экөөбүз бир айылда чоңойгонбуз, теңтуш болуп. Тайыр мырза деп жазайын дедим, бирок «мырза» деген сөзгө сен дагы деле татыктуу эмес экенсин.
Тайырдын айтуусу боюнча фейсбукта болуп жаткан талкуулар «тайкы» экен. Менимче, тескерисинче бүгүн сен «демилгечи» катары өзүңдүн баардык жагынан тайкы экениңди далилдедиң. Бир дагы жүйөлүү аргумент келтире алган жоксун, эмнеге кыргыз улутун графадан алып коюш керек экенине. Эгер баардык улуттар кыргыз жараны болуп калса ынтымак болот, чек араны барып биз менен бирдикте кайтара баштайт деген таризде тантырайсын. Эмне алар бүгүнкү күндө башка өлкөнүн жараныбы?? Алар азыр деле кыргыз жараны, Тайыр! Алардын, биздин баарыбыздын паспортубузда «кыргыз жараны» деп кашкайып азыр дагы жазылып турат. “Башка этностор бул маселеге каршы болсо түшүнөт элем” деп мыйыгыңан күлөсүң, уяты жок. Алар балким, кайра ичинен кудуңдап сүйүнүп жаткандыр, аны билээр бекенсиң, туяр бекенсиң. Же, себеп жанагы өзүң айткан «көрүнбөгөн жипте» болуп жүрбөсүн, көп кайталап калдың. Ал улуттар арасындагы эмес эле, сени ушундай кыласың деп буйруп, муунтуп аткан «жип» болуп жүрбөсүн?
Баш мыйзам бузулат деп юридика илимдеринин доктору айтып отурду, ага жооп бере албай, паспорттун тарыхын саймедирейсиң. Өзүң менен барган киши, айтып ийди, өзүнүн сөзүнө каршы сүйлөп. Улуттук биримдик- улутту жазбай койгондон эмес деп. Анда эмнеге алып жатасыңар?? Улуттук биримдик менен байланышы жок болсо? Эмне анда, жөн эле, ( улуу сөздө уят жок ) кыргыз деген жазуу «бир» жериңерди өйкөп атабы?!
Айтор бүгүнкү «Ой ордодон» кийин, « улуту» деген паспорттогу графаны алып коюнун кереги жок экенине дагы бир ынандым. Түрктөр улутун жазбай коюп өлкөсүнө ынтымак алып келе алган жок, күрттөрдүн толкуганы толкуган. Европа -улутун жазбай коюп террактарды токтото албай келишет. Демек, кеп улутту жазбай коюуда эмес экен. Албетте мен дагы кыргыз жараны катары өлкөбүздө тынчтык, ынтымак болушун каалайм. Бирок мындай жол менен эмес, анын башка миңдеген жолдору бар эмеспи
Манасты мисал келтиресинер..  Айкөл Манас – бизге кыргыз мамлекетин, кыргыз улутун сактап, тапшырып кеткен. Бар күчүнөр менен сактагыла урпактарым деп.. Ооба тилеке каршы кээ бир өлкөлөргө окшоп ондогон-жүздөгөн миллион, миллиард болуп сакталбадык, азбыз. Мына ошол аз экенибизде – коркунуч! Үлкөн элдерге теңелебиз деп жоголуп кетүүгө себеп ишти жасайсынар..  Жогорку технологиялар, глобалдашуу заманы менен Манас атабыздын заманын теңеп, паспорту жок деле улут болуп келгенбиз деп күйгүзбөгүлөчү. Анда Манас атабызга окшоп, дүйнөгө ач курсактын айынан чилдей таркаган кыргызды топтобойсунарбы!? Элдин санын 10-20 миллиондон ашырып алып анан көтөрбөйлүбү бул маселени..  Жокбу..?  Анда шүгүр деп, улутубузду паспортко жазып эле тура турбайлыбы?! Көбөйбөй, чет өлкөгө кетип азайып атсак.. Мына ушул себептерден, азыркы кезде бизге Кыргыз деп паспортто жазылуу эң зарыл, эң гана керектүү мезгил! Улутту сактап калууга ийненин көзүндөй мүмкүнчүлүк болсо да, башка элдерди билбейм, бирок биз жармашышыбыз керек. Манастын улутуна каршы иш жасап, мындан ары кайра аны мисал кылбагыла, кыянатчылар.
Улуттук идеология дейсиңер, улуттук идеологияга каршы болуп алып. Автономия сурап, жарга такайт деген жообуң дагы кызык болду. Эми корко турган ошол эле калды эле.. Бул маселенин да саясий чечиле турган миң жолу бар, Тайыр!
Аттиң, мен сыйлап, идеал тутуп жүргөн агаларым баш болуп, ушул нерселердин баарын түшүнүп, билип туруп, ушундай тарыхый катачылыкка барып жатасыңар. Бул сасыган «демилгеңерди» күчкө салып болсо да өткөргөнү калыпсыңар, бирок мен ишенем..  Бийликтен кетериңер менен бул «катачылыгыңар» оңдолот, кайрадан улутубуз паспортко жазылып, адилеттүүлүк орнойт замандаш!
Ооба катуу айтып алдым, катуу тийсе.. Менин да кыргыз катары келечекке, муундарга жеке өзүмдүн жоопкерчилигим бар. Ушул улут деп көтөрүлгөн маселе үчүн бирөөгө жакпай калсам, бирөө менен сүйлөшпөй, учурашпай калсам, кайылмын. Орозо кабыл болсун бир туугандар, асаламалейкум!

Бек Борбиев, элдик артист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: