7-апрель окуялары боюнча сот процесси 20-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Жогоку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бүгүнкү сот процесси Курманбек Бакиевдин, Жаныш Бакиевдин, Мурат Суталиновдун жана Данияр Үсөновдун адвокаттарынын жоктугуна байланыштуу 20-июлга жылдырылды. Себеби, КР ЖПКнын 46-беренесине ылайык өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталгандарга карата сот отуруму сөзсүз адвокаттын катышуусунда каралышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ