Кечээ Ысык-Көл районуна караштуу Садыр Аке жана Кашат айылдарынын жаштары арасында мушташ чыгып, милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен басылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ спирт ичимдиктеринин айынан болгон. Мас абалындагы эки айылдын балдарынын ортосунда чыр-чыгып, аягы мушташка айланган. Урушту токтотуу үчүн милиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу граната колдонууга аргасыз болушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ