Menu

Алтын кениндеги мушташтан 20 адам жабыркады

Бөлүшүү:

Акмоло облусундагы Бештөбө айлындагы алтын кениндеги чыр-чатактан 20 киши жабыркады. Бул тууралуу облустук ички иштер департаментинин башчысы Ержан Саденов билдирди.

Массалык мушташ Бестөбө айылындагы “Казакалтын” компаниясы иштеткен “Новая” шахтасында жумушчулар менен жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери ортосунда болгон. Анда күзөтчүлөр кызматтык бытыра мылтыгын колдонгон. Ички иштер департаменти билдиргендей, ок атуучу куралдан 14 шахтер жабыркап ооруканага жаткырылган. Алардын тышкары беш күзөтчү жана эки полиция кызматкери ар кандай жаракат алганы белгилүү болду.

“Новости Казахстан” маалымдагандай, күзөт кызматы мыйзамсыз алтын өндүргөндөрдү текшерүүгө алган учурда кайым айтышуудан чыр чыгып, мушташка айланган. “Ал жерде 7-8 күзөтчү болгон, аларга кендин төмөнкү катмарында иштеген 45 шахтер чыгып келип кошулган. Күзөт кызматына катталган куралдан ок атылган. Андан 14 шахтер жабыркады, күзөтчүлөрдөн беш адам жаракат алды”, – деди Саденов.

Анын айтымында, чырлуу окуядан кийин Бештөбө айылынын жашоочулар жалпы жыйынга чогулуп, социалдык көйгөйлөрү козголгон. Полиция мурда кабарлагандай, чатак жумушчулар күзөтчүлөргө буюмдарын текшертүүдөн баш тарткандан улам келип чыккан. Окуядан кийин шахтада күзөт агенттигинин эки кызматкери жана беш жумушчу кармалган. Учурда алар кепилдик менен бошотулду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

55 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: