Menu

Бекболот Талгарбеков: “Эч күнөөсүз камалганыбыз Атамбаевге кадыр-барк алып келбейт”

Бөлүшүү:

“Элдик парламент” бирикмесин уюштуруп, президенттин катачылыктарын санап, ага ачуу сын айтып, жыйынтыгында “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен МУККнын тергөө абагына камакка алынган Бекболот Талгарбеков менен байланышып, ал тууралуу айтылып жаткан имиштерге жана кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Бекболот агай, бийликтин катачылыгын айтып, тынч митинг өткөрөбүз деген оюуңар оңунан чыкпай, камакка алындыңар. УКМКнын койгон дооматына макулсузбу?

– “Элдик парламент” бирикмеси алгачкы күндөн тарта мыйзамдын кылын да бузбай, укук талаасында гана иштеп келгенбиз. Биринчи билдирүүдө эле биз ар кандай төңкөрүштөргө каршы позициябызды ачык жана так айтканбыз. Ал гана эмес, биринчи пресс- конференциябызда дагы МУККна кайрылып, алардын кызматкерлери биз менен бирге офисте отурушун өтүнгөнбүз. Бирок, биз иштеген бир ай аралыгында расмий бийлик бир жолу да биз менен байланышууну, сүйлөшүүнү аткарууну каалабады. Биздин жалган көрсөтмөлөр менен камакка алынышыбыз – азыркы бийликтин чоң катасы деп эсептейбиз. Биздин иш-аракеттерде эч кандай мыйзам бузуу жок экенине толук ишенебиз.

– Бекболот агай, эмне үчүн камакка алынган башка саясатчылардай болуп, элге кайрылуу жасап,  ак жериңерден камакка алынганыңарды айтып, чындык издеген жоксуңар? Неге саясый тыныгуу алдыңар?

– Биз камалгандан кийин туугандар, достор, тарапташ инсандар ар кандай формада нааразычылык акцияларын өткөрөбүз дешкен. Бирок, биз өзүбүз өтүнүп аларды токтоттук. Биз мыйзамды сыйлаган саясатчылар болгондуктан, тергөөгө саясый кысым кылууну туура көрбөдүк. Мына 1,5 айдан бери тергөөчүлөрдүн баардык суроолоруна жооп берип, кызматташып келе жатабыз. Тергөөчүлөрдүн да биз мыйзамды бузбаганыбызга көздөрү жетти. Бирок, аларга да жогору жактан кысым болуп жатса керек. Андан тышкары биз дароо “Элдик парламенттин” башка мүчөлөрүнө кайрылып, саясый иш-аракеттерди сот иши бүткөнгө чейин токтотуп турууну суранганбыз. Алар биздин айтканыбызга толук макул болушкан.

– “Элдик парламент” уюшулганда артыңарда Россиянын белдүү кызматтары менен кызматташкан таасирдүү адамдар тураарын айткан элеңер. Алар силерди УКМКнын тузагынан сууруп чыкканга күчү жеткен жокпу же алар бул ишке аралашууну туура көргөн  жокпу?

– Россиядагы генералдар (биздин мурдагы мекендештер) Кыргызстандын тергөө жана сот иштерине кийлигишпейт. Биз алар менен эки багытта иш алып барганбыз. Биринчиси, алардын жардамы менен 2010-жылдагы июнь коогалаңынын себептерин, күнөөкөрлөрдү аныктоо болчу. Бул багытта Россиядагы генералдар дагы деле ишти улантып жатышса керек. Экинчиси, Кыргызстан-Россия карым-катнашындагы коррупциялык схемаларды изилдеп, коомчулукка жарыялоо. Мына, эки-үч күн мурда эле Нарын ГЭСиндеги курулуш боюнча коррупциялык иш менен аленктенген делип, “Русгидронун” жетекчиси камалды. Биздин оюбузча бул ишти ачууда биздин россиялык генералдардын дагы салымы бар.

– Тергөө мыйзам чегинде эле жүрүп жатабы? Бири-бириңерге каршы көрсөтмө бердирип, күчтөп мойнуңарга алдырган жагдай орун алган жокпу?

– Тергөө ашыкча мыйзам бузуу менен жүрүп жатат деп айталбайм. Бирок, “обвинительный уклон” бар экени билинип турат.

– Айрымдар Атамбаевдин кадырын жасалма жол менен болсо да көтөрүү үчүн сиз башында турган  бирикме уюшулуп, ачуу сындар айтылып, анан бийлик таасирин көрсөткөн  жагдай орун алды деп жатышат.  Бул кепке ишенсек болобу?

– Биздин эч күнөөсүз камалганыбыз Атамбаевге кадыр-барк алып келбейт. Күчтүү лидер саясый каршылаштарын ачуу пикирлерин угуп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарып, ал гана эмес сүйлөшүүгө да баруусу зарыл деп эсептейм. Мен бийликтен кеткен жогорку кызматтагы жетекчилерди  эч убакта сындаган эмесмин. Бийликте турган жетекчилерге гана сын айтам. 2009-2010-жылдарда президент Бакиевге карата Текебаев, Бекназаров, Жекшенкуловдордон ашса ашкан, бирок алардан кем калбаган сын айтчумун. Бирок, Бакиев алардан жыйынтык чыгарбаса дагы куугунтукка алган эмес.

– Башында сиздер менен санаалаш, идеялаш болуп, “Элдик парламенттин” уюшулушуна салым кошкон айрым инсандар сиздер камакка алынар замат бирикмеден чыгышканын  жар салышты. Алардын “Элдик парламентти” таштап, кара башын калкалап чыга качышкандарына капа болгон жоксузбу?

– Биз камалгандан кийин “Элдик парламенттин” мүчөлөрү бизди сатып кетишкен жок. Тескерисинче, салам айтып, моралдык колдоо көрсөтүп турушат. Биз аларга терең ыразаабыз. Ал эми Мамасадык Бакиров мурда эле өзүнүн жеке маселеси боюнча мага кайрылып, “Элдик парламенттен” чыгып турайын деп өтүнгөн. Аны “сатып кетти” деп эсептөөгө негиз жок.

– “Достук” мейманканасында өткөн форумда “24 саат бою сиздер менен кызматташканга даярбыз” деген саясатчылар бүгүн сиздерден жүзүн буруп кеткен жокпу? Жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүп, силер тууралуу эки ооз жакшы сөз айтканга эрки жетип жатабы?

– Ал күндө өткөн форумга катышкан саясатчылардын көпчүлүгү бизге моралдык колдоо көрсөтүп келе жатышат. Тилекке каршы, аларга да саясый кысым болбосун деп аты-жөндөрүн ачык айта албайм. Форумга катышып, ал жерден бизге абдан колдоо көрсөткөн саясатчыларга, журналисттерге, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө терең ыраазчылык айтабыз.

– УКМКнын СИЗОсуна камалганы сизди айрымдар “сынды”, “кайратынан тайды”, “айткан сөздөрүнө, жасаган иштерине өкүнгөн абалга кептелди”, “санаалаштарын сатты” – деп жатышат. Ошол чынбы?

– Эгерде биз мыйзам бузуп же төңкөрүш жасайбыз деп аракеттенген болсок, анда албетте сынып калмакпыз. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей чындык биз тарапта болсо, биз укук талаасында гана иш алып барсак, анда эмне үчүн сынып, буга чейинки жасаган ишибизге өкүнүп, бири-бирибизди сатмак элек. Биз ишенебиз, Алла баарын көрүп, таразалап турат. Ал эртедир-кечтир өзүнүн акыйкат ишин жасайт.  Ошон үчүн мен кимдир бирөөлөрдү сатып, андан упай топтобойм. Анын үстүнө санаалаштарымды сатуу менин табиятыма да дал келбейт. Ал эми айрым басма сөз каражаттарына чыгып жаткан мен тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар тууралуу айтсам, ден соолугум жайында. Сынып, мүңкүрөп деле калган жокпуз. Учурдан пайдаланып, ММК жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө жана кайдыгер эмес жарандарга кайрылып кетүүнү туура таап турам. Биздин сот процесс ачык жүрүп, жалпы коомчулта кеңири талкууланып, сот чечими акыйкат жана калыс болушуна жардам бересиздер. Антпесек, азыр өнөкөткө айланган саясый куугунтук токтобойт.

Булак: “Майдан. kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: