Menu

Адахан Мадумаров менен Каныбек Иманалиевдин тегерек үстөлдөгү кайым айтышы

Бөлүшүү:

Каныбек Иманалиев 400х267

Кыргызстандагы  «Россия» медиа борбору, Москвадагы Россиянын саясый изилдөөлөр борбору жана Екатеринбургдагы Европа – азиалык изилдөөлөр борбору 29-июнь күнү Бишкектеги эл аралык “News-Asia» пресс-борборунда кыргыз саясый лөктөрүн чакырып “Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун  аспектилери, негизги коркунучтар жана аларды жайгаруунун жолдору”  аттуу тегерек үстөл өткөрдү.

Иш чаранын башында Москвадан жана Екатеринбургдан келишкен саясый серепчилер Андрей Русаков менен Вадим Козюлин Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук маселелерине арналган билдирүүлөрдү  жасашты. Кыргыз тараптан экс-министр Аликбек Жекшенкулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-министр Өмүрбек Суваналиев, генерал Марат Иманкулов, депутат Каныбек Иманалиев жана башкалар чыгып сүйлөп, Борбор Азиядагы жана анын ичинен Кыргызстандагы коопсуздук көйгөйлөрүн талкууга алышты.

“Борбор Азиядагы коопсуздук тууралу кеп кылганда аны камсыз кыла турган келечектүү уюм жок болуп жатат. Ишенгенибиз Жааматтык коопсуздук уюму (ОДКБ) болчу. Бирок, ал да азыр альтернативасы жок болгону менен анчалык ишеним туудурбай калды. Алгач бул Жамааттык коопсуздук уюмун 11 мамлекет уюштурса кийин 3 мамлекет кайра чыгып кетип 8 эле өлкө калды. Калгандарынын ичинен да олку-солку өлкөлөр бар. Ошондуктан ОДКБнын келечегине шектенүү да бар”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

“Сөзүңүзгө аралжы, ОДКБда эч качан 11 мамлекет болгон эмес”, – деп тактады Адахан Мадумаров.

“Тиги Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан чыгып кетпеди беле…,” -деп Иманалиев өзүнө да ишенкиребегендей сүйлөдү…

“ОДКБны алгач 6 мамлекет түптөшкөн, Армения, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан. Кийин Азербайжан, Грузия жана Белорусия кошулуп 9 өлкө болушкан.  Биринчи 5 жылдык мөөнөт бүтүп, кайра 5 жылга келишимге кол коёрдо жаңы келишимге Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан кол койбой кайрадан эң башындагыдай 6 мамлекет калышкан”, – деди Адахан Мадумаров, – “ал эми бизде болгон коопсуздук уюмдардын эң эле ишенимдүүсү жана келечектүүсү ушул ОДКБ эле,  башка жок,” – деди.

“Мен деле айтпадымбы ОДКБга альтернатива жок деп”, – деди актана Каныбек Иманалиев.

“Парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп иштеген адамдын ушундай элементардык нерселерди билбегендиги өтө өкүнүчтүү, Кыргызстанда коопсуздукту жарата  турган коркунуч бул бийликтин өзү. Бийлик өзүнүн мыйзамсыз, адилетсиз кадамдары менен нааразычылыктарды жаратып жүрүп олтуруп акыры бейстабилдүүлуктү, коопсуздукту пайда кылат”, – деп Адахан Мадумаров андан ары бийликти катуу сынга алганына карабай  Каныбек Иманалиев бийликти коргой алган жок. Анан шашымыш болуп тегерек үстөл бүтө электе эле кетип калды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: