Menu

Видео – Москвада Кыргызстандык криминалдык авторитет “Кара Казбек” Билалов кармалды

Бөлүшүү:

Москвада 28-июнь күнү Кыргызстандын жараны, кылмыш дүйнөсүндө “Кара Казбек” деген каймана ат менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Казбек Билалов кармалып, бейбашчылык беренеси менен азырынча 30 күнгө абакка алынды. Ал 26-июнь күнү Москванын Тарас Шевченко көчөсүндө бейбаштык кылып “Гелендваген” машинасынан автоматтан ок аткан деп шектелүүдө.  Бул берене менен Казбек Билалов 5 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн. Полицияда ал “Москвада тандыр нан (лепешка) сатып тирилик кылам” деп билдирген, бирок минип жүргөн машинасынын Москвадагы баасы 100.000. доллардан ашык.

Кыргызстанда Казбек Билалов 1994-жылы, 1999, 2000, 2006, 2007, 2008, 2009-жылдары КР Кылмыш жаза кодексинин ар түрдүү беренелери боюнча соттолгон.

Казбек Билалов акыркы жылдарда Москвада кыргыз мигранттарынан мыйзамсыз акча талап кылгандыгы жана тоногондугу  менен белгилүү. Базарлардагы кыргыз мигранттарынан 10 миң доллардан акча талап кылып, Москва полициясына колго түшүп, Кыргызстанга аны экстрадиция кылышса да кайра эле бошоп кетип жүргөн. Айрым бир маалыматтарга караганда ал 2013-жылы кыргыз бийлиги мыйзамсыз бошотуп жиберген криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин  уюшкан тобуна кирет.  Казбек Билалов да Азиз Батукаев да чечен улутунан болушат.

https://www.youtube.com/watch?v=WU-62nOT7Lw

Казбек Билалов Кулов ко

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: