Британиянын Daily Mail. басылмасы кадимки качкын Максим Бакиев тууралуу маалымат жарыялады. Анда Максимдин майы качып арыктап калганын, атургай алда немедей сакал койгонун, сапсайган сакалына ак кирип кеткени айтылат. Муну менен чектелбей британиялык бизнесмен Шон Дейли аны сотко бергенин да билдирди.
Анда айтылгандай кайран Максим 300 млн фунт стерлинг (439 млн 919 миң 832 доллар) үчүн тээ 2006-жылы эле анын көзүн тазалатмак болуптур. Ошол мезгилде ресторандан 2 жаштагы баласы менен чыгып баратканда ага кол салышып, аз жерден өлбөй калыптыр. Айтымында самолет менен Британияга чукул жеткирбесе өлүп деле калмак экен. Максимдин ошол огу али да алынбай боорунда жүрүптүр. Ошону менен М.Бакиевге биздин колубуз жетпесе да Британиянын колу жетет окшоп калды.
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ