Menu

Бакиевдердин наркобизнеске аралашканы тууралу Атамбаевчилердин айткандары бүгүн өз баштарына тийди

Бөлүшүү:

2009-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев  Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо зарылдыгына таянып, КР Наркотикти көзөмөлдөө агенттигин натыйжасыз иштеген орган катары жоюп салат да анын функцияларын КР Ички иштер министрлигине өткөрүп берет.

Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган оппозиция ызы-чуу салышат. “Бакиевдер Ооганстандан Россияга, Европага өтчү наркотрафикти көзөмөлгө алган наркомафия менен иштешип жатышат. Ошондуктан алардын наркобизнесине тоскоолдук кылып жаткан КР Наркотикти көзөмөлдөө агенттигин эл аралык наркомафиянын буйрутмасы менен жоюп, алардын функциясын  Ички иштер министрлигине өткөрүп салышты. Ички иштер министрлигинде андай адистер аз, эми биз аркылуу наркотиктин транзити көбөйөт. Бул эң туура эмес иш болду. Мындай иш Бакиевдердин гана колунан келет”, деп ыйлакташса булардын жанына адам чыдап тура алчу эмес.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда куралдуу мамлекеттик төңкөрүш болуп,  Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган оппозиция бийликти басып алышты.

2010-жылы 17-августта Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын указы менен КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы түзүлөт да биз адилеттүлүктү  орноттук, наркомафияны жеңдик таризинде жар салышат.

2016-жылы 9-июнда КР Жогорку Кеңешинин СДПКчы депутаты Рыскелди Момбеков парламентте “Наркобарондор кайрадан КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жойгону жатышыптыр.  Бул өтө керектүү кызмат. Биз наркобарондорго бул кызматты жоюуга жол бербейбиз” деп кыйкырып чыкты.

2016-жылы 4-июлда президент Алмаз Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн  КР Коргоо кеңеши укук коргоо органдарын реформалоо зарылдыгына таянып, КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын Бакиев сыяктуу эле натыйжасыз иштеген орган катары жоюп, анын функцияларын КР Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү чечимин кабыл алып жарыялады.

Эгер депутат Рыскелди Момбековдун айтканы менен болсок анда КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жойгону жаткан наркобарондор КР Коргоо кеңешинде олтурган турбайбы. Колунан келсе эми өзү убада кылгандай наркобарондорго бул кызматты жоюуга жол бербей койбойбу.

2016-жылы 4-июлда Коргоо кеңешинин отурумунан кийин маалымат жыйын өткөргөн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров “КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы натыйжасыз иштеп жатат. Былтыр 2015-жылы наркокылмыштардын 80%ын Ички иштер министрлиги ачса, КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 18%ын гана ача алды. Ал эми кылмышкерлерден тартып алынган наркозаттардын салмагынын 81,2%ын ИИМ алган болсо, КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 17,8%ын гана тартып ала алган.  Кыскасы, КР Наркотикти көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ИИМдин эле ишин кайталап, бирок натыйжасын өтө аз бергендиктен биз бири-бирин кайталаган эки кызматты бириктирип, бул багыттагы баардык иштерди ИИМдин Наркотикти көзөмөлдөө кызматына өткөрүп берүүнү чечтик”, деп билдирди.  2009-жылы Бакиев да ушул эле негизге таянып бул кызматты жойгондо бүгүнкү бийлик теңирден тескери сүйлөгөн болучу. Эми ошону түшүнүү үчүн 6 жыл бийликте олтуруу керек экен да.

Бул тууралу белгилүү юрист Искен Афиджанов минтип билдирди: “Демек, логика боюнча Курманбек Бакиевдин 2009-жылы КР Наркотикти көзөмөлдөө агенттигин өз алдынча орган катары жоюу чечими туура болгон экен да. Бакиевдин өзүнүн жана анын туугандарынын наркомафия менен эч кандай байланышы жок турбайбы. Бакиевдер тууралу бүгүнкү бийлик 6 жылдан бери айтып келаткан сөздөрдүн баары калп чыкпадыбы?”, – дейт.

Эгер Бакиевдер 2009-жылы КР Наркотикти көзөмөлдөө агенттигин жоюу менен наркобизнеске аралашкан болсо анда бүгүнкү Атамбаевдик бийлик да ошол эле жол менен наркобизнеске аралашты. Эгер чын эле Атамбаев менен Бакиев айткандай КР Наркотикти көзөмөлдөө агенттиги натыйжасыз иштеп, ИИМдин функцияларын гана кайталап жатканы чын болсо, эми аларды бириктирүү зарылдыгы келип чыкса анда Атамбаевчилердин Бакиевдерди наркобизнеске аралаштырганы карандай калп болуп калды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: