Menu

Фото – Министр Базарбаев майып бала жасаган сувенир боз үйд 7 миң сомго сатып алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-июль күнү эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбев Чүй айылында жашаган 12 жаштагы Тилек Алтымышевдин үйүндө болуп, баланын абалы, жашоо-шарты менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген чебер балага сувенир жасоого керектүү үч мүшөк таякча, клей, ж.б. керектүү буюмдарды, андан сырткары кышкыга жылуу кийим, таттууларды, үй-бүлөсүнө азык-түлүк ала барган министр “мындан ары кардарларың көп болуп турсун” деген тилек менен Тилектин таякчадан жасаган сувенир боз үйүн 7000 сомго сатып алды.

“Тилек баарыбыз үчүн атуулдук каармандыктын үлгүсү боло алат. Ал оорусуна карап, тагдырга моюн сунуп олтуруп калган жок”, – деген министр Тилектин кол өнөрчүлүк кылып отурганын баалап, ага ийгилик каалады.

Тилек Алтымышев тууралуу алгач коомдук активист Марат Абдраев социалдык түйүндөрдө жазып чыккан. Андан соң айрым телеканал, сайттар коомчулукка маалымат таратышкан. Тилек эки эжеси жана атасы болуп Чүй айылында жашайт, ата-энеси беш жыл мурда ажырашып кетишкен. Атасы да 2-топтогу майып.

Тилек Алтымышев инвалид юрта

Тилек Алтымышев инвалид6

Тилек Алтымышев инвалид5

Тилек Алтымышев инвалид3Тилек Алтымышев инвалид9

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: