Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат: “Азыркы бийликтин жасаган иштери тууралуу айта берсек арман көп”

Бөлүшүү:

– Садыр Нуркожоевич, «Ата Мекен» фракциясы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселесин кайрадан көтөрүштү. Ал тургай, фракциянын чечимин да кабыл алышты. Ушул маселени ийне-жибине чейин билген адис катары айтыңызчы, улутташтыруу туурабы же туура эмеспи? Жаңылышпасак, сиз улутташтыруу туура эмес деп жүрдүңүз эле? 

– Ооба, улутташтыруу туура эмес. Денонсация кылышыбыз керек. Экөөнүн айырмасын жөнөкөй тил менен чечмелеп, түшүндүрүп бергенге аракет кылайын.

“Улутташтыруу” деген бул кимдир бирөөнүн менчик мүлкүн мамлекетке алып жатсаң, анда ал мүлкүн базар баасында баалап, ага акчасын төлөп бересиң. Бул жерде “Кумтөр” канадалыктардын менчик мүлкү эмес да. Алардын ал жерде бир долларлык мүлкү жок. Фабрика, техника, запастык бөлүктөр жана башка баардык мүлктөр Кыргыз тарапка тиешелүү акчанын эсебинен сатылып алынган. Эң башында эле “Кумтөрдө” жактан алтындын запасын күрөөгө коюуп, 476 миллион доллар кредит алышып, анын жарымына техника сатып алышып, фабриканы курушуп, калган жарым акчаны ошол мезгилде эле жеп кетишкен экен. Баарын документалдуу фактылар менен тастыктадык. 1997-жылдан баштап алтын чыга баштаганда баягы 476 миллион доллар кредитти толугу менен алтындын эсебинен кайра төлөп коюшкан. Бүгүнкү күнгө чейинки сатылып алынган техника жана башкалар Кыргызстандын үлүшүнүн эсебинен сатылып алынып келе жаткан экен. Бул жерде професионалдуу финансит же экономист болуштун кажети жок. Баары сокурга деле көрүнүп турат. Инвестиция катары мамлекетибизге бир доллар сырттан келген эмес. Тескерисинче, 25 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин жылда 20-24 тонна алтын (1 миллард доллар) сыртка чыгып кетип турат экен. Демек, “Кумтөр” толугу менен 100 % Кыргыз элиники.

Ооба, кагаз жүзүндө канадалык ишкерлердин 67 пайыз акциясы бар. Бул акцияга биздин чиновниктер менен бирге алар коррупциялык, алдамчылык жол менен ээ болушканын толук далилдеп чыкпадыкпы. Дагы эмне керек? Анан ушул өзүбүздүн менчик мүлкүбүз болгон “Кумтөрдү” улутташтырып, кайдагы бирөөлөрдү “кожоюн” деп таанып, аларга үч миллиард доллар акча төлөп берели дегендин өзү маңкуртчулук. Маалымат каражаттарынан окуп калдым, айрым саясатчылар айтып жатат “улутташтырабыз дагы, биздин экологиябызга келтирген зыян менен баланс кылып эсептешип коёбуз” деп.

Эмнеге биз өзүбүздү өзүбүз туңгуюк жолго алып барышыбыз керек? Эртең алар эл аралык сотко беришсе, эл аралык сот сурайт да, “чын эле улутташтырып алдыңарбы?” деп. Биз “ооба” дейбиз. Анда эл аралык сот “үч миллиард доллар төлөп бергиле” дейт. Анда эмне дейбиз? Эч нерсе дей албайбыз. Себеби, биз улутташтыруу менен өзүбүз “Кумтөр” алардын менчик мүлкү экенин тааныган болобуз. Ошентип, өзүбүздү өзүбүз туңгуюк жолго такап коюп жатпайбызбы. Эмне үчүн өз байлыгыбыз үчүн башкаларга акча төлөп беришибиз керек экен? Эч түшүнбөйм. Ортодо тиги тарап менен сүйлөшүп алышып, дагы деле кезектеги афера болуп жатса керек деп ойлойм.

Ал эми экологияга келтирген зыянды болсо, биз эч кандай балансы жок эле түздөн-түз төлөтүп алышыбыз керек. Бул  Кыргыз мамлекетинин толук укугу жана милдети! Экологиябызга келтиришкен зыяндын көлөмү бир эмес, он “Кумтөрдүн” баасы болот.

Эми, “денонсацияга” келели. Бул деген сөз – баштапкы болобу, эң акыркы болобу, баардык келишимдерди канадалык ишкерлер аткарган эмес. Экологиябызды талкалап салышкан. Коррупциялашып кеткен. Үлүшүбүздү толук берген эмес. Алтындардын көпчүлүк бөлүгүн официалдуу түрдө каттабастан, түздөн-түз уурдап чыгып кетишкен. Булардын баарын тастыктаган жүздөгөн документалдуу фактыларды таап чыкканбыз. Баары көзгө сайгандай көрүнүп турат. Мына ушулардын негизинде эле келишимди бир тараптуу “денонсация” кылып, алып коюшубуз керек. Баардык келишимдерде кыянаттык жолго барышса, биздин мыйзамдарды бузса, келишимден баш тартып “Кумтөрдү” мамлекетке алып коёбуз деген пункттар турат. Тилекке каршы, бийлик башчыларыбыз өздөрү крыша болушуп, тигилерди коргоп келе жатышкандыктарынын кесепетинен алты жылдан бери ала албай келе жатабыз. Алты жылда мамлекетибиз 100 тоннадан ашуун алтындан (беш миллиард доллардан) куру жалак калдык. Эгер, бийлик башындагылар жеке кызыкчылыгынан баш тартып, напсисин тыйып, беш жыл мурда эле алып койгондо, эң жок дегенде мамлекетибиздин сырткы карызыбыздан кутулуп калат элек.

Мага айрым жарандарыбыз “эмне үчүн мурдагы бийликтегилердин убагында эмес, дал ушул бийликтин убагында “Кумтөрдү” ачып чыктыңыз?” деп суроо беришет. Биринчи себеби, мурда текшерип көргөн эмесмин. Экинчи, бул бийлик апрель окуясындагы 90 баланын, Ош окуясындагы 500 адамдын каны менен келген бийлик болчу. Ошолордун арбагынан коркуп, таза иштешет болсо керек, мамлекетке алганга каршы болбосо керек деген таза ой менен ачыкка алып чыккам. Тилекке каршы, катуу жаңылыпмын. Мына, өзүңүздөр күбө болуп тургандай беш жылдан бери бир эле “Кумтөр” эмес, канчалаган мамлекетти багып кете турган мекемелерди ит бекерге сатып, алардан үлүш алып, төшүн тосуп коргоп келе жатышат. Кыскасы, айта берсек арман көп дегендей кеп.

Айзирек Эгембердиева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

89 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: