Кечээ, 5-июлда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жергиликтүү тургундардын бирин агызып кеткен. Бүгүн, ал адамдын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, селге аккан адамды чек ара кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар издеп, Кыргызстандын аймагынан табылбагандан кийин өзбек чек арачыларын жардам берүүгө чакырышкан. Натыйжада сел агызып кеткен адамдын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылган. Учурда маркумдун денесин Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ