Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Орусия жарандарынын катышуусунда орун алган чатакты териштирүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында орусиялык туристтер Ысык-Көлгө кетип бара жаткан жолдо тоноого учураганы тууралуу маалымат тараган эле.
Кашкар Жунушалиевдин айтымында, аталган маселе боюнча ыкчам топ түзүлүп, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат.
Өкмөт башчы мындай окуяларга тез арада көңүл буруп, келген коноктор жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ишин күчөтүү тапшырмасын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ