Парламент жайкы сезонуна кетип жаткан маалда, “Республика-Ата Журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болуп чыгаар-чыкпасын ойлонуп жатканын айтты. Демек ал саясий кырдаалды карап отурат. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, келерки күздөн тарта Өмүрбекке туш-туштан каршылаштар чыгып, аны жүдөтөт имиш. Андан да кызыгы, ага душмандар сырттан келбей, партиянын ичиндеги мандатына коркунуч туулган депутаттар, андан башка да бир тобу Өмүкенин партиядагы өзүм билем саясатына, бардыгын эле “фракциялык чечим кабыл алабыз” деген сөз менен кысмакка алып келе жатканына чыдабай, жарыла турган болуп жатышыптыр. Эгер мындай жосун орун алып кетсе, Өмүке негизги колдоочуларынын бир тобунан айрылып, кадыры да төмөнгө түшөт окшойт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ