Menu

Надира Нарматова, экс-депутат: “Аллахтын сыноосу менен уулдарың бышып жетилди, элим”

Бөлүшүү:

Мындан туптуура беш жыл мурун тизилген кыргыздын кыраан куштарын тагдырдын таразасы армансыз калчап, курчутуп, түрдүү булоо таштын эгөөсүнө чарктап, чаркпалак айлантып сынады го чиркин! Ошол кыраан куштар бүгүнкү күндө урулуп, согулуп, чукулуп, сайылып, кытыгыланып, суралып, куулуп, сыналып, алданып, камалып, акталып, чыйралып, чайпайбай, чачылбай, төгүлбөй, ийилбей, кашайышып ого бетер такшалып, “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген өздөрүнүн ураан-чакырыктарына төп келишкен мезгилге келишти. Бүгүнкү күндө, өз өлкөсүнүн үстүнөн элине көз салып, канатын жети дубанга жайса жете турган, баралына келип, айланып учкан кыраан кушуң, элине олжо, оомат алып келчү албууттанган алгыр бүркүт болуп чыга келди. Аллахымдын сыноосу менен уулдарың бышып жетилди элим. Мен сыймыктанам, ушундай инилерим менен катарлаш, сапарлаш, кызматташ болуп, бардыгынын бирдей эжеси болуп жүргөнүмө. Сапарлары байсалдуу болсун ылайым!

Аллахым буюрса ден-соолук, өмүр берсе, тынчтык, амандык болсо элине кызмат кылаар, канатын жайып, элин калкалаар күндөр али алдыда. Бул жалганда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”. 2010-жылдагы силердин эрдигиңер тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, элдин жүрөгүндө жакшы жагынан сакталып калган. Силер кылымдын балдарысыңар!

Ата Журт

“Чымын да жыт бар жерге конот”, “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”, “Жигит киши кыйынчылыкта сыналат” деген жакшы сөзү бар элиңердин. Аллахым алтын башыңарды аман кылсын. Беш жыл мурунку акыбалыңар менен бүгүнкү күнкү акыбалыңар тууралуу үчөөңдү тең жакындан билген эжеңер катары пикир калтыргым келди укаларим. Аллага аманат. Сүрөттү ФБдан өзүм көрүп, үчөөңдүн бүт сынооңду көзүмдөн өткөрдүм. Аллага аманат!
Надира Нарматова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: