Menu

Кыргыз тилин кыя өткөн кытайлар менен Меркелдин сүрөттөрү

Бөлүшүү:

Мындан бир ай мурда, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Балыкчы-Корумду унаа жолундагы жол белгилеринин мыйзамсыз жазылышы, тактап айтканда официалдуу тилде гана жазылып, мамлекеттик тил унутулуп калганы боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигине, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облустук администрациясына, өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылуу жолдогон. Бирок бир ай убакыт өткөндүгүнө карабастан, жол белгилери мурунку эле калыбында тургандыгы коомчулукта нааразычылык жаратууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

1

Ал эми Бишкектин борбордук көчөлөрүндө Германиянын канцлери Ангела Меркелдин урматына илинген “Мы вам рады!” деген жазуусу бар көрнөктөрдө да “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы эске алынган эмес. Ошол эле жарнаманын кыргызчасы дагы пунктуациялык каталары менен илинип турат.

“Бир жагынан оңдоп келе жатсак, экинчи тарабынан жоопкерчиликсиздик менен мамиле кылгандарга катуу чара көрүүгө мыйзам жол бербегендиги, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Жарнама департаментинин жоюлуп кетиши мындай көрүнүштөрдү күчөтүүдө,” – деп айтылат Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билдирүүсүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: