Жусуп Баласагын атындагы КУУ ректорунун чырына байланышкан ызы-чууда жаалданган тараптын алдына өткөн аптада парламенттин 6 депутаты барат. Бийликтен буга дейре ректор Адамкуловага карата реакция болбогондугуна жана нааразычылык акциясына чыккандардын алдында билим берүү министринин орун басары адатынча “карайлы, комиссия түзөлү” сындуу “дежурный” жоопторун узатса, мугалимдер жамааты бир ооздон чурулдашып, “биз депутаттарга да, билим берүү министрлигине да ишенбей калдык, көрсө, “карга- карганын көзүн чукубайт” экен дешсе, намысы күчтүү депутат Рыскелди Момбеков: “Мен карга эмесмин, шумкармын. Шумкар силердин каргаңарды бийиктен келип көзүн чукуйт” деп балп эттирген экен. Ошондон бери универ жамааты: “Шумкар душманыбыздын көзүн качан келип оюп берет?» дешип, тамаша-чыны аралаш күтүп жатышканын редакциябызга чалып билдиришти. Же үнү чыкпай калганына караганда, “мүнүшкөрү” томогосун кийгизип, боосунан тартып койдубу?
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ