Menu

Ош облусунда ажылык сапарга даярдыктар башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-июль күнү Ош облустук мусулмандар казыятында 2016-жылдагы ажылык сапарга зыяратчыларды коштоп баруу үчүн сынактын негизинде тандалып алынган 19 ажы башчыларга жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын дин иштери боюнча башкы адиси Айтмат Азамжан уулу жана казыят кызматкерлери катышышты. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев ажы башчыларга жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөндүгүн белгилеп,  2016-жылдагы ажылык сапарга болгон даярдыктар боюнча тиешелүү милдеттенмелерди түшүндүрдү.  Ажылык сапарга жөнөтүүгө аз убакыт калгандыктан, ажыга баруучу жарандарга ажылык парздын диндеги ордун окутуп үйрөтүү жана зыярат сапарынын тартиптерин терең түшүндүрүү керек экендигине өзгөчө басым жасалды. Мындан сырткары облустагы зыяратчыларды ажы башчылар үчүн тайпага бөлүү аркылуу Муфтияттын буйругуна ылайык 2016-жылдын 24-июлунан 30-июлуна чейин зыяратчыларды тиешелүү медициналык эмдөөдөн өткөрүү тапшырмасы коюлду. Ошондой эле 2016-жылдын 18-июль күнү саат 10:00дө Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев тарабынан сынактын негизинде тандалып алынган ажы башчыларга атайын лицензиялар тапшырылып, түшүндүрүү семинары уюштурулаары эскертилди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын август айынын орто ченинен баштап  Ош облусунун аймагынан ажылык сапарга 1255 жаран аттанат жана 49 жарандан турган атайын группаны 1 ажы башчы коштоп барат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: