Menu

Камчы Ташиевдин “7-канал” телеканалы 100% Икрамжан Илмияновго өттү

Бөлүшүү:

Былтыр, 2015-жылы, парламенттик шайлоонун алдында, өлкөнүн түштүк аймагында өзүнүн оппозициялык багыты менен популярдуу болгон  “7-канал” телеканалынын 50% энчисин саясатчы Камчы Ташиев Алмаз Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмияновго сатканы тууралу маалымат тараган.

2015-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Икрамжан Илмияновду түштүк боюнча “смотрящий” кылып дайындап, мурункудай толук бойдон Аалы Карашевдин группировкасына таянбай өзүнүн тобун түзө баштаган.  Ага чейин Баткен облусуна гана  “смотрящий” болуп жүргөн Икрамжан Илмиянов эми Ош жана Жалал-Абад облустарын да көзөмөлдөөгө өткөн.

Алдыда келаткан шайлоолордун үгүт иштерин бийлик тараптын максатына оодаруу үчүн Икрамжан Илмиянов Бишкекте “Вечерний Бишкек” басма үйүн А.Кимден тартып алып, “Политклиника” гезитин ишке салып,  Ошто “ОшТВ” телеканалын Мелис Мырзакматовдон алып коюп, башкы офиси Жалал-Абадда жайгашкан “7-канал”  телеканалынын 50%ын Камчы Ташиевден сатып алган.

Быйыл, 2016-жылы “7-канал” толугу менен, 100% Икрамжан Илмияновдун карамагына өткөнү маалым болду. Редакциянын чыгармачыл составы ошол бойдон эле иштеп жатышканы, Алтынбек Жумаев жетекчи катары калганы да белгилүү. Болгону  “7-канал” азыр Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Равшан Жээнбеков сыяктуу бийликке оппозициячыл саясатчыларды кайра-кайра “шыбамай” адат тапканын айтып жатышат. Демек, телеканалдын идеологиялык саясаты да кескин өзгөрүп жатканы билинип калды.

Мурун Баткенден башканы билбеген Икрамжан Илмиянов азыр Ош менен Жалал-Абадга байма-бай каттап, ар кандай сый-тамактарды уюштуруп, жергиликтүү жетекчилерди дайындап, толук бойдон түштүккө “смотрящий” болууда. Келаткан жылдагы президенттик шайлоодо Икрамжан Илмиянов “өлкөнүн президентин биз тандайбыз, кийинки президент Сооронбай Жээнбеков  болот”  дегени тар чөйрөдө кызуу талкууга түштү.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: