Алмаз Атамбаев Франция Президенти Фрасуа Олландды улуттук майрам – Бастилия алынган Күн менен куттуктады. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргызстан менен Франция ортосундагы салтка айланган достук мамилелер урматтоонун жана эки тараптуу пайдалуулуктун принциптеринде биздин элдерибиздин бакубатчылыгына кыйшаюусуз өнүгүп жана тереңдей берерине ишенем», — деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.
Алмаз Атамбаев Президент Франсуа Олландка бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Франциянын дос элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ