Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны жана Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-июлда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Сүйүнбай Эралиев менен коштошуу зыйнатын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган уюштуруу комитети түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ