Menu

Түркияда Гүленге тиешелүү делген 24 теле жана радиостанция жабылды

Бөлүшүү:

Шейшембиде Түркияда диний жана коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен менен байлыныш бар делген 24 теле жана радиостанциянын лицензиясы алынды. Анкара Гүленди 16-июлга караган түнү жасалган төңкөрүш аракетинин башында турган деп эсептейт.

Гүлендин тарапташтарына каршы жүрүп жаткан өнөктүктүн алкагында 34 журналист пресс-карталарынан айырылып, билим берүү министрлигинин 15 миң кызматкери, университеттердин бир жарым миңден ашуун деканы, 490дой дин иштери боюнча башкармалыктын кызматкери, премьер-министрдин аппаратынын 257 кызматкери жана чалгындоо кызматтарында иштеген 100 киши жумушунан кетирилди.

Акыркы күндөрү 35 миң аскер, полициячылар, судьялар жана мамызматкерлер кызматынан алынды. Алардын баары төңкөрүшкө катыштыгы бар деп айыпталып же шектелүүдө.

Шейшембиде Түркия бийлиги АКШда жашап жаткан Гүленди камакка алып, өткөрүп берүүнү талап кылды. Премьер-министр Бинали Йылдырым билдиргендей, АКШга электрондук каналдар аркылуу Фетхуллах Гүлен боюнча толук маалымат жиберилди. Диний ишмер ага тагылган айыпты четке кагып, америкалык сот чечсе, экстрадицияга даяр экенин айтты. Буга чейин Вашингтон Анкарадан Гүлендин төңкөрүшкө тиешеси бар экенине ишеничтүү далилдерди беришин өтүнгөн.

Түркиянын Батыштагы өнөктөштөрү жана БУУ өлкө бийлигин мыйзамдын бийиктин сактоого чакырып, 2004-жылы өлүм жазасына киргизилген тыюу алынып салышы мүмкүн деген кептерге сарсанаа экенин билдирди. Президент Режеп Эрдоган бул кадам төңкөрүштүн катышуучуларын жазалоого гана тиешелүү болушу мүмкүн деп белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: